Кыргызстанда такси кызматы үчүн накталай эмес төлөмдөр тарыхый чекке жетти. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-сентябрда Акчабар каржы порталы маалымдады.
Маалым болгондой, экинчи жарым жылдыкта төлөм уюмдары аркылуу такси кызматына төлөмдөр 617,5 миллион сомду түздү. Бул көрсөткүчтү 2022-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда такси кызматтары үчүн төлөмдөр дээрлик үч эсеге, ал эми транзакциялардын саны 2,4 эсеге көбөйүп, 3 миллион 809,4 миң транзакцияны түзгөн.
Ошол эле учурда ушул жылдын башынан бери кыргызстандыктар жол кире акысын банктык которуу жолу менен 1 миллиард 106,3 миллион сом төлөшкөн.
Жылдын экинчи жарымында такси кызматы үчүн орточо эсеп бир жыл мурда катталган 133,5 сомдон айырмаланып, 162 сомду түзгөнү кызык. Демек, орточо сапардын суммасы 21,3 пайызга өскөн.