Баткенде муниципалдык соода борбор курууга тендер жарыяланды

Баткен шаарынын мэриясы Баткен районуна соода борбор курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда маалыматты Баткен шаарынын мэринин орун басары Акыл Курбанбеков тастыктады.

Анын айтымында, тендердин баасы 48 миллион 215,9 миң сомду түзөт.

"Баткен шаарындагы Чет-Булак, А кварталы 1-бөлүгүндөгү 15 гектар жерге соода борбор куруу үчүн 48 миллион 215,9 миң сомду түзгөн тендер жарыяланды", - деди Курбанбеков.

Баткен облусунун Раззаков шаарында мал базарын куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тендерди мэриянын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти жарыялаган.

Тендердин суммасы 11 млн 80 миң 148 сомду түзөт. Конкурстук арыздарды 26-сентябрга чейин берүү зарыл.

Тендерде жерди тегиздөө, тосмо куруу, скважиналарды бургулоо, электр чубалгыларын тартуу, кирүү үчүн жол салуу сыяктуу иштер камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан