Белгилүү травматолог Сабырбек Жумабеков биринчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.
Сыйлык тапшыруу бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.
Сабырбек Жумабеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн биринчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.
Сыйлыкты өлкө башчы Садыр Жапаров тапшырды.