Португалиянын борбордук бөлүгүндөгү Анадия шаарында эки резервуардын жарылуусунан улам көчөлөрдү кызыл шарап каптады. Бул тууралуу Jornal de Notícias жазып чыкты.
Маалым болгондой, Destilaria Levira шарап заводунда резервуардын жарылуусунун себеби азырынча аныктала элек. Бирок анда 2 миллион литрге жакын шараптын төгүлгөнү айтылууда.
"Биз аккан шараптын Сертима дарыясына кошулуп, экологиялык зыянга алып келишинен коркуп жаттык. Жарандык коргонуу боюнча координаторубуз билдиргендей, мониторинг жүргүзүлүп жатат. Экологиялык көйгөйлөр болбойт", - деп белгилеген Анадия шаарынын мэриясы.
Учурда шараптар чогултулуп, тазалоочу жайга жөнөтүлгөн. Ал эми окуя үчүн жоопкерчиликти Destilaria Levira компаниясы өзүнө алган.