Жогорку Сот иликтөөчү журналист Болот Темировго байланыштуу Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Былтыр ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан Темировго карата ачылган иштерде (баңгизат жана чек арадан мыйзамсыз өтүү) кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу ал акталган.
Бирок паспортко байланыштуу күнөөлүү деп табылып, күч органдарынын кызматкерлери аны "Манас" аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамы аркылуу Орусияга чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарганы маалым болгон.
Бул боюнча кийин ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында Темировдун Кыргызстанда алынган паспорту мыйзамсыз деп табылгандыктан Орусияга депортацияланганын билдирген.