Чүйдө чек ара кызматынын аскерлерине батирлердин ачкычы тапшырылды (фото)

Бүгүн, 12-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан. Ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы, өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери да иш-чарада болгон.

Маалым болгондой, төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн. Жаңы турак-жай комплексинде тургундар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган. Ал эми үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 чарчы метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан