Президент бир катар тармактын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Салтанаттуу иш-чарага өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө татыктуу салымын кошуп жаткан дарыгерлер, педагогдор, жазуучулар, инженерлер, жаңы заманбап тармактардын адистери жана башкалар катышты.

Анда мамлекеттик кызмат, медицина, билим берүү, маданият, адабият, токой чарбасы, коопсуздук, ойлоп табуучулук тармактарында «Эл артисти», «Эл сүрөтчүсү», «Эл акыны» ардактуу наамдарын, «Даңк» медалын алгандар болду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу Кыргызстандын соңку тарыхында жакындарынын, тар чөйрөсүнүн гана камын жебей, өлкөм деп иштеген мекенчил инсандарыбыз мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн ар кыл тармактарда өзгөчө эмгек сиңирип, Ата Журтка берилүүнүн үлгүсүн көрсөтүп келатканын баса белгиледи.

"Ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу соңку тарыхта Кыргызстан башынан кечирген сынаакы учурларда да мекенчил инсандарыбыз чыкты. Айрыкча, бүгүнкү доордо: керт башынын, жакындарынын, тар чөйрөсүнүн гана камын жебей, көр тирликке моюн сунбай, өзүм дебей, өлкөм деп иштеген мекенчил инсандарыбыз мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн ар кыл тармактарда өзгөчө эмгек сиңирип, Ата Журтка берилүүнүн үлгүсүн көрсөтүп келатышат. Биз – баарыбыз, албетте, ар кандай тоскоолдуктарга карабай, чыдамкайлыгын, сабырдуулугун, жаратмандыгын көрсөтүп, өлкөнүн алдыга жылышына бараандуу салым кошкон каармандарыбызга суктанабыз, алар менен сыймыктанабыз. Мындай мекендештерибиз кийинки муунга, жаштарга чоң түрткү, дем-күч болуп, алдыга умтулууга жетелейт", - деди Жапаров.

Буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров бир катар ишмерлерге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыкка кол койгон болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан