"Кар жаайт". Эртеңкиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 13-сентябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ал эми дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Кыргызгидромет борбору батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жете турганын эскертти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26 даража жылуу болсо,

Талас жергесинде үнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24ко чейин жетет.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24 градус,

Нарын дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24 даража жылуу болот.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан