Кара-Сууда 2 жаштагы наристе жүк ташуучу унаанын алдында калып көз жумду

Ош облусунун Кара-Суу районунда 2 жашар кыз жүк ташуучу унаанын алдында калып каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-сентябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, 7-сентябрда саат 16:00 чамасында Кара-Суу районунун Мады айылынын 1979-жылы туулган тургуну Вольво жүк ташуучу унаасын токтотуп, дүкөнгө кирген. Ошол учурда жүк ташуучу унаа алдыга жылган учурда 2021-жылы туулган наристени басып калган.

Ага ылайык, наристе ошол жерден жан берген. Ата-энеси экспертиза жүргүзүүдөн баш тарткан. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан