Ош шаардык мэриясы үй-бүлөдөгү тарбиялык маанидеги видеороликтерге сынак жарыялады. Баш байге ноутбук. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, сынакка катышууну каалагандар "Тарбиянын башаты - үй-бүлө” аталыштагы темага ролик тартышы керек болот.
Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт. Видео 5 мүнөттөн ашпоосу абзел.
Толук маалымат алуу үчүн: 0776 00 66 00, 0559 00 66 03.