Мектепте пол жууганга акча чогултуу: Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү жооп берди

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган Жалал-Абад шаарынын тургуну №1 Михаил Бабкин атындагы гимназия орто мектебинин мугалимдеринин бири пол жууганга акча чогулткула деп айтканын кабарлаган.

Бул боюнча бүгүн, 12-сентябрда Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айнура Мадановага байланышып төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Биз, баарыбыз эле мектепте пол жууп чоңойгонбуз. Башталгыч класстар жуушпайт. 4-класстан жогорку класстар жууйт. Ал билим берүүнүн эмгек жобосунда бар нерсе. Кээде ата-энелер кыш мезгилинде күн кыскарган убакта балдары караңгыга калып калбасын деп пол жуудурганга акча чогултууну сунушташат.

Учурда №1 Михаил Бабкин гимназия орто мектебинде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Ошол себептен окуучулар мурунку Жалал-Абад облустук балдар чыгармачылык борборунда билим алышууда. Буюрса, декабрь айында окуучулар жаңыланган мектепте окуп башташат", - деди Маданова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан