Алайда 60 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Ош облусуна караштуу Алай районунун Чий-Талаа айылында “Акпари эне” балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, балдар бакчасы 60 орунга ылайыкталган. Ал айылдагы Б.Абжапаров атындагы мектептин бош турган имаратынын ордуна салынган. Ал үчүн Алай райондук өнүктүрүү фондунан 2 миллион 553 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 237 миң сом каралган. Ал эми демөөрчүлөр 350 миң сомдук жардам көрсөткөн.

Балдар бакчасы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан