"Айфон алып бербесең сүрөттөрүңдү интернетке чыгарам". Ошто 25 жаштагы жигитти коркуткан жаран кармалды

Ошто 25 жаштагы жигитти "Айфон 14 Pro Max алып бербесеӊ сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып, туугандарыӊа уят кылам" деп коркуткан аял кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, милицияга Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында белгисиз аял анын сүрөттөрүнө жагымсыз жана анын намысына, жүрүм-турумуна шек келтирген сөздөр менен кошуп интернетке чыгарам деп коркутуп жатканын жазган. Ошол эле учурда курулай доомат коюп телефон же анын баасын акчалай талап кылып жаткандыгын билдирген.
Шектүү жабырлануучудан 60 миӊ сом акча алып жаткан учурда кармалды. Ал коңшу мамлекеттин жараны, Ош шаарында убактылуу жашап турган 1998-жылы туулган Ш.И. аттуу жаран экендиги аныкталды.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 11-сентябрда Ош шаардык соту тарабынан 2 ай абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан