Кореялык кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү Балыкчыга эл ташуучу үч автобус алып бермей болду

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев Түштүк Кореядан келген “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Хие Ги Бок баштаган өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ысык-Көл облусунун экологиялык көйгөйлөрү, бейтапканаларды заманбап жабдуулар менен камсыздоо маселелери айтылды.

"Аталган коомдук кайрымдуулук фонд Кыргызстанга бир топ жылдан бери социалдык жактан колдоо көрсөтүп келет. Жолугушуу учурунда “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фонду Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына келерки жылдын май айында эл ташуучу үч автобус белек кылары айтылып, каражатты жыл аягына чейин бөлүп бермей болду", - деп айтылат маалыматта

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан