Жалал-Абад облустук милициясы жарандарды батир жана чөнтөк уурулуктарынан сак болууга чакырган видеоролик даярдады.
Анын мазмунунда чөнтөк уурулуктары көбүнчө базарда, мал базарда, коомдук транспорттордо катталары белгиленет.
"Таксиге же коомдук транспортко чыккан учурда телефон, акча, алтын буюмдарды бекем кармап, өзүӊүздөргө сак болуӊуздар. Эл көп топтолгон жайларда, базарларда сумкадагы же чөнтөктөгү буюмдарга сак болуп, ар тарабыӊызга байкоо сала жүрүӊүз", - деп айтылат билдирүүдө.