Кадамжайда алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды

Кадамжайда чет өлкөнүн жараны алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын үч тургуну июль айында чет өлкөнүн жаранына пластик эшик-терезелерди жасатуу үчүн акча берип, бирок ушул күнгө чейин акчасын же товарын ала албай жүргөндүктөрүн айтып, милицияга арыз менен кайрылышкан.

Арыздардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен иш козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында жабырлануучуларга жалпысынан 104 миң сомдук зыян келгендиги аныкталган.

Кадамжай РИИБинин ыкчам кызматкерлери иликтөө иш-чараларында чет өлкөнүн 26 жаштагы Ю.А. аттуу чет өлкөнүн жараны Бүргөндү айылынан кармалган.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан