ЭЛДИК КАБАР: Тургун: "Мектепте базарда жок чет тили китебин сатып алгыла деп жатат"

Оштогу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн тургуну порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды. Ал №63 Октябрдын 70 жылдыгы орто мектебинин мугалимдери шоппер жана китеп сатып жаткандыгы тууралуу билдирди.

Тургундун айтымында, аталган мектепте ата-энелер 200 сомдук шопперди жана базарда жок чет тил китебин сатып алууга мажбур болуп жатышат.

"№63 Октябрдын 70 жылдыгы орто мектебинде ата-энелерге шоппер алып бергиле деп мажбурлап жатат. Зээниңди кейиткени да, канча балаң болсо ошончо шоппер алат экенсиң. Ар бир сумка 200 сомдон турат. Баса, муну бир эле адам сатат экен.

Ошондой эле мугалимдер чет тил китебин алгыла деп кыйнап жатышат. Базарда жок, бирок мугалимдерде бар экен. Ошол китепти өздөрү сатууда. "Акча чогултпагыла" деп телевизордон эле айтылат. Мектептегилер мурдагыдай эле чардап жашап жатышат. Мен бир нерсеге түшүнбөй жатам да, базарда жок китеп кантип эжекелерде болуп калат? ", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан