Кытайда фермадан 70тен ашык крокодил качып кетти

Кытайда селден улам 70тен ашык крокодил фермадан качып кетти. Бийлик тургундарды сак болууга чакырат. Бул тууралуу CNN жазды.

Маалымдалгандай, окуя Гуандун провинциясынын Маоминг шаарында болгон. Ал жерде "Хайкуй" тайфунунун кесепетинен крокодил фермасы зыянга учурап, андан 69 чоң сойлоочу жана алты баласы качып кеткен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, фермадагы крокодилдердин айрымдарынын салмагы 100 килограммдан ашат.

Крокодилдер нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөндө суунун деңгээли көтөрүлүп, фермадан чыгып кетишкени айтылат. Шаар бийлиги окуя боюнча жергиликтүү тургундарга эскертип, үйдөн чыкпай, сууга жакын жолобоону суранды.

Буга чейин бир нече крокодил кармалганы кошумчаланып, издөө иштери уланып жатканы айтылды.

Кытайдын түштүгүндө жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам жер көчкү жүрүп, Гуанси чөлкөмүндө жети киши каза болуп, үчөө дайынсыз жоголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан