iPhone 15, 15 Plus, 15 Pro жана Pro Max. Айырмачылыктары жана баалары кандай болот?

Кечээ, 12-сентябрда Apple компаниясы iPhone 15, iPhone 15 Plus, iPhone 15 Pro жана Pro Max уюлдук телефондорунун презентациясын жасады. Анда аталган компания жаңы чыккан уюлдук телефондордо мурдагы моделдерге караганда көп өзгөрүүлөр болгондугун маалымдады.

iPhone 15 жана iPhone 15 Plus

Apple iPhone 15 жана 15 Plus 6,1 дюйм жана 6,7 дюймдагы OLED экрандары менен болот. Уюлдук телефондун жарыгы мурдагы моделдерге караганда эки эсе жарык болот. Ал эми экрандын жогору жагындагы оюгу iPhone 14 Pro жана Pro Max сыяктуу динамикалык арал менен жабдылган.

Lightning туташтыргычы болсо USB-C менен алмаштырылды. Эми бул моделде кабель аркылуу маалыматтарды берүү мурдагыга салыштырмалуу ылдам болот жана бир эле кабель менен iPhone, Mac жана iPad кубаттоого мүмкүнчүлүк бар.

Негизги камера 48 мегапикселдүү, алдыңкы камера автофокус менен жабдылган. Ошондой эле сүрөткө тартуу учурунда портрет режимин басуунун кереги жок. Алгоритмдердин өзү кадрдагы объектти тааныйт, колдонуучу сүрөттү кол менен эле жылдырып портретке айланта алат.

iPhone 15 жана 15 Plus уюлдук телефонунун корпусу 75 пайыз иштетилген алюминийден жасалган. Аппарат кара, көгүш, күлгүн, ачык жашыл жана сары түстө чыккан. Компаниянын маалыматына караганда, 128 гигабайт көлөмүндөгү iPhone 15тин баасы 799 доллар, ал эми iPhone 15 Plus 899 долларга бааланууда. Алдын ала буйрутма 15-сентябрда башталып, сатыкка 22-сентябрдан баштап чыга баштайт.

iPhone 15 Pro жана Pro Max

Дисплейи - Super Retina XDR. 15 Pro экранынын диагоналы 6,1 дюйм, ал эми 15 Pro Max 6,7 дюймду түзөт. Кырлары титандан жасалган корпуска ээ болот. Мунун натыйжасында уюлдук телефондун салмагы мурдагы моделдерге караганда жеңил болору айтылды.

Үндү күйгүзүп өчүрүүчү механикалык баскычы Apple Watch Ultra сыяктуу ыңгайлаштырылган "аракет баскычы" менен алмаштырылды. Анын жардамы менен үнсүз режимди, камераны, үн жазгычты иштетүүгө болот.

Камеранын негизги модулу 48 мегапикселди түзөт. Камера караңгыда жакшы тартат жана ар кандай аралыктагы, мисалы, 33-35 миллиметрге чейинки аралыкта фокусту ала алат.

Кубаттоо көлөмү болсо USB 3 стандартын колдогон USB-C түзөт. Эми маалыматтарды берүү ылдамдыгы секундасына 10 гигабайт болору белгилүү болду. Бул Lightning менен маалымат берүүгө караганда 20 эсе тез. Түстөрү кара, көк жана "табигый титандын" өңүндө болот.

128 гигабайттык iPhone 15 Pro'нун баасы 999 доллардан башталат, ал эми 256 гигабайттык 15 Pro Max 1199 доллар экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан