Япония өкмөтү толук курамы менен отставкага кетти

Япония өкмөтү толугу менен отставкага кетти. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, өкмөттүн отставкасын премьер-миинстр Фумио Кисида кабыл алган. Эми жакынкы аралыкта министрлер кабинетинин жаңы курамы жарыяланат.

Басылманын маалыматына караганда, министрлер кабинетинин 19 мүчөсүнүн 11ин жаңы кызматкерлер түзөт. Адатта Тышкы иштер министрлиги менен Коргонуу министрлигинде өзгөрүү болушу мүмкүн. Ошондой эле жаңы курамда 5 аял болот, бул Япониянын тарыхындагы эң көп аял катышкан өкмөт болмокчу.

Эми премьер-министр Комеито партиясынын жетекчиси Нацуо Ямагучи менен жолугушуп, Министрлер кабинетин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан соң жаңы өкмөт түзүлүп, анын курамын Япониянын императору Нарухито атайын салтанатта бекитет.

Белгилей кетсек, отставкага кеткен өкмөттүн курамы былтыр жарыяланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан