“Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында пилоттук 1 200 мектептеги 25 миңдей педагог окутулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, аталган долбоор Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашып жатат. Анын алкагында дагы 33 миң мугалим тренингден өтө турганы белгиленди. Максат мугалимдердин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.
Иш-чаралар июнь жана август айларында Кыргызстандын бардык облустарында жүрдү.
Окутуулар гибриддик форматта – онлайн жана офлайн режимде жүргүзүлдү. Калган педагогдор октябрь, ноябрь жана 2024-жылдын март, май, июнь айларында тренингдерге катышат.