Ысык-Көл облусунда ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Кабарлангандай, уюшкан кылмыштуу топтордун жана террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөтү айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай алынды. Тактап айтканда, күжүрмөн тапанча (револьвер) - 1 даана; мергенчиликтин жылмакай сайлуу мылтыктары (араланган мылтык) - 2 даана; 6 даана 9 мм калибрлүү патрондор.
Тергөөнүн караштуулугу боюнча материалдар Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилип, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда бул багыттагы ыкчам издөө иш-чаралары Ысык-Көл облусунун аймагында уланууда.