14-сентябрга карата аба ырайы

Эртен, 14-сентябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул туурадуу Кыргызгидромет билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26 градус,

Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24 даражага жетет.

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25 болсо,

Нарын түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26 градус жылуу болот.

Борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт, кечке маал өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +23…+25 градус болот.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан