Жыл башынан бери 3 миллиард сомго 810 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Ушул жылы 2,9 миллиард сомго 810 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, анын ичинен 250 трактор, 15 комбайн, 4 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 90 айыл чарба машиналары, 449 атайын жана 2 унаа каражаттары берилген.

Ал эми долбоор башталган 2021-жылдан бери жалпы 12,2 миллиард сомго 5 миң 562 даана айыл чарба техникасы берилген.

Анын ичинен:

- тракторлор – 3129 даана, суммасы 4,9 миллиард сом;
- комбайндар – 224 даана, суммасы 1,3 миллиард сом;
- кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар – 25 даана, суммасы 300 миллион сом;
- айыл чарба машиналары (соко, культиватор, сеялка ж.б.) – 936 даана, суммасы 800 миллион сом;
- атайын техника (спецтехника) – 1216 даана, суммасы 4,7 миллиард сом;
- унаа каражаттары (автомашина) – 22 даана, суммасы 700 миллион сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан