"Барселона" футболдук клубунун машыктыруучусу Кыргызстанга келди (видео)

Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун машыктыруучусу Ориол Фонт Кыргызстанга келди. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентбярда Футбол академиясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ал каталониялык команданын Жалал-Абаддагы академиясынын техникалык директору болуп дайындалган. Ал балдарга башкы машыктыруучунун милдетин да аткарат.

Анын милдети - Барселона стандарттарына ылайык, билим берүү жана окутуу процессин уюштуруу. Ал академиянын футбол аспектилерин көзөмөлдөйт жана баары клубдун көз карашына ылайык, үзгүлтүксүз иштешин камсыздайт.

Мындан тышкары, ал кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн жергиликтүү машыктыруучулар менен тыгыз иштешет.

"Барселона" футболдук клубунун машыктыруучусу Кыргызстанга келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан