Бишкек шаарынын Кулатов көчөсүндөгү тротуар курууга тоскоол болгон объектилер буздурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, иштин жүрүшүндө 150 чарчы метрди түзгөн темир тосмолор жана үч капиталдык кошумча кире бериш курулуш ээлери тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждалган. Ошондой эле тротуар курууга тоскоол болгон 30дан ашык жеңил объектилер жана 65тен ашык жарнама конструкциялары алынды.
Мындан тышкары, уруксат берүүчү документтери жок жарнама конструкцияларын орнотуу боюнча 8 протокол түзүлдү.