Оштогу өтмөк көпүрөдөгү жарака боюнча мэрия түшүндүрмө берди

Ош шаарынын мэриясы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде курулган жөө адамдар өтүүчү өтмөк көпүрөдөгү жарака тууралуу түшүндүрмө берди. Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев аны “деформациялык ажырым (шов)” деп атап, шаардыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

“Долбоор боюнча өтмөк көпүрөнүн 4 жерине деформациялык шов каралган. Негизи норма боюнча коюлат. Өтмөк узун болгонуна байланыштуу жер титирөөгө туруштук берүүсү үчүн атайын каралган. Ал нерсе бир эле ушул жерге коюлган жок. Башка көпүрөлөрдө, мектептерде, үйлөрдө да коюлат. Бул курулуштагы жөнөкөй норма", - деди Пайзиев.

Эскерте кетсек, 13-сентябрда социалдык тармактарда Ошто жаңы курулган өтмөк көпүрөдөгү жарака тууралуу видео тараган болчу.

Ал эми аталган өтмөктүн ачылышы август айынын аягында болуп, элдин өтүшүнө уруксат берилген. Бирок курулушу толугу менен аягына чыга элек.

Курулушка шаардык казынадан 45 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Аны тендерден уткан “Сапат курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому курган.

Белгиленгендей, өтмөк азырынча мэриянын балансына өткөрүлө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан