Бүгүн, 14-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы эскертти.
"Саат 10:00дөн 16:00гө чейин жаңы курулуп жаткан резиденциянын түштүк тарабынан – Эркин-Тоо көчөсү – Ы.Абдрахманов көчөсү – Восточный көчөлөрү менен чектешкен аймакта, ошондой эле № 27, 58 бала бакчаларында суу болбойт", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалымдалгандай, суу шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо жана профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Муниципалитет жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранат.