Токтогулда 2 кап баӊгизатын атына артып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Токтогул РИИБинин баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан район аймагында баӊгизатына байланыштуу ыкчам маалыматтар алынган.
Бул маалымат Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
11-сентябрга караган түнү саат 01:20 чамасында Токтогул районунун аймагында ат минип келе жаткан 25 жаштагы Б.Э. текшерүүгө алынган. Анда атына артып келе жаткан 2 даана капка салынган салмагы 10 килограмм 345 граммды түзгөн, чөп формасындагы өзгөчө кескин жыты бар баӊгизатына окшогон зат алынган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.