Кадамжай районунда 2 килограммга жакын баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында 24 жаштагы жергиликтүү тургуну "Канал-Перехват" жана ыкчам-иликтөө иш-чарасынын алкагында кармалган. Тинтүү учурунда андан кара целлофан пакет табылып, анын ичинде кара күрөң түстөгү зат, болжол менен өсүмдүк тектүү баңгизаты алынган.
Эксперттин корутундусуна ылайык, салмагы 2 килограммга жакын алынган зат баңгизат гашиш экендиги аныкталган.
Кармалган жаран 1999-жылы туулган Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну И.Р. болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар уланууда.