Бишкектин жаңы конуштарын жаратылыш газы менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө

Бишкектеги жаңы конуштарды жаратылыш газына туташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, быйыл 9 объектиде: Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек Турбаза, Бакай-Ата 2, Ала-Арча, Төкөлдөш, Попеновка, Жогорку Көк-Жар жана Товарная көчөлөрүндө газдаштыруу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Газ түтүктөрүн куруунун жалпы пландалган узундугу 58,5 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө 13 ,5 километри Ала-Арча, Ак-Тилек, Ак-Тилек-Турбаза, Ак-Тилек-2, Бакай-Ата, Төкөлдөш конуштарында курулуш иштери жүрүп жатат. Даярдоо иштери болсо Попеновка, Жогорку Көк-Жар жана Товарная көчөсүндө жүрүүдө.

Учурда газдаштырылган конуштардагы үйлөрдү жаратылыш газына кошуу иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө 18 миң 558 турак жай газдаштырууга кошулду. Шаар боюнча 2023-жылдын башынан бери газ тармагына кошулган жаңы абоненттердин саны 5542 бирдикти түздү.

Мэриядан билдиришкендей, абанын булганышын азайтуу максатында жылуулуктун альтернативдүү түрүнө өтүү сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан