Кытай Ооганстанда талибдер бийликти басып алгандан бери расмий түрдө жаңы элчисин дайындаган биринчи өлкө болуп калды. Бул тууралуу Reuters басылмасы билдирди.
Кабулдагы расмий аземде Кытай элчиси талиптердин премьер-министрине ишеним грамотасын тапшырды. Ошол эле учурда, элчинин дайындалышы Кытай тарабынан талибдердин өкмөтүн расмий тааныганынын белгиси болуп саналабы же жокпу азырынча так эмес.
"Бул Кытайдын Ооганстандагы элчисинин кадимки ротациясы жана Кытай менен Ооганстандын ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга багытталган. Кытайдын Ооганстанга карата саясаты так жана ырааттуу", - деп айтылат Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Талибдер Ооганстанды 2021-жылдын августунда басып алган. Эки жылдан бери Талибан өкмөтүн дүйнөнүн бир дагы мамлекети расмий тааныган эмес.
"Талибан" кыймылы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө "террористтик уюм" катары таанылган.
Марттын аягында талибдер кээ бир өлкөлөрдү Кабулда элчиликтерин кайра ачууга аракет кылып жатканын билдирген болчу.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.