Эстония, Латвия жана Литвада орус номурлуу унаалардын кирүүсүнө тыюу салынды

Эстония, Латвия жана Литвада Орусиянын мамлекеттик номуру тагылган унааларды чек арадан өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, чечим Еврокомиссиянын сунушу менен кабыл алынган. Ал кечээ, 13-сентябрда күчүнө кирген.

Эми орусиялыктар Евробиримдик өлкөлөрүнүн аймагына туристтик максатта да жеке унаалары менен кире алышпайт. Эгер каршылык көрсөтүлө турган болсо, анда жарандардын унаасы конфискацияланышы мүмкүн.

Бирок Эстониянын бажы көзөмөлүнөн билдиришкендей, орус номурлуу мотоциклдер менен автобустарга өлкөгө кирүүгө тыюу салынбайт.

Ал эми Литванын тышкы иштер министринин орун басары Йовита Нелиупсиене орус жарандары Литвага жөө же автобус менен гана кире аларын билдирди. Министрдин орун басары белгилегендей, керектүү документтерин көрсөтпөгөн адамдар чек арадан өтө албайт.

Өз кезегинде Латвия дагы орусиялык номурлуу унаалардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды.

Эске салсак, 8-сентябрда Еврокомиссия санкцияларды колдонуу боюнча жаңы сунуштарды жарыялаган. Ага ылайык Евробиримдик өлкөлөрүнө орус номурлуу жеке унааларды киргизүүгө тыюу салынат. Санкцияларды аткаруу ЕБ мамлекеттеринин баарына милдеттүү. Бирок орус номурлуу унааларды киргизүүгө тыюу салуунун Евробиримдиктин жарандарына же алардын жакын туугандарына таандык унааларга тиешеси жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан