Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Душанбеге барды (фото)

Бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мамлекет башчынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Сапардын алкагында өлкө башчы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Тажикстанстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи Эрлан Абдылдаев;

-Энергетика министри Таалайбек Ибраев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан