Нарын облусунда ӨКМнын куткаруучу тобу койчунун өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти. 10-декабрь күнү аталган облустун Карга-Жайлоо деген жерде кой жайып жүргөн 64 жаштагы койчу тоодон кулап кеткен. Куткаруучулардын жардамы менен койчунун өмүрү сакталып, учурда ал ооруканада дарыланууда.