Бишкек шаарында билим берүү тармагында кезектеги коррупциялык схема аныкталып бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан балдардын тамак-ашынын негизинде мыйзамсыз баюу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери К.А. жана Д.А. уюштурган коррупциялык схема аныкталып, токтотулду.
Ага ылайык, кармалган кызматкерлер жеке материалдык пайда алуу максатында Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тамак-аш сатып алуу боюнча филиалдарга, продукцияларды жеткирүүчүлөргө ар кандай тендерлерде жеңиштерди ыйгарып тургандары аныкталды. Ошондой эле жалган фирмалар аркылуу жасалма тендерлерди өткөргөн фактылары такталды.
"Шектүүлөр К.А. жана Д.А. жасаган кызматтары үчүн өткөрүлгөн тендердеги сумманын 10 пайызын жеңдирип бергендиги үчүн дайыма алып турган. Ошону менен бирге иш жүзүндөгү каржылоонун кыскарышы жана берүүчүлөр тарабынан пайдага муктаждык балдарга берилүүчү тамак-аш азыктарынын сапатынын төмөндөшүнө түздөн-түз таасирин тийгизген.
Ошентип К.А.Кдан азыктарын жеткирүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында сыйлык катары 220 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алганы боюнча көрсөтмөлөр алынган", - деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Учурда К.А. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Ал эми Д.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Маалымат үчүн: 2022-жылы Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш азыктарын сатып алууга бюджеттик каражаттардын эсебинен 230 миллион 141 миң сом бөлүнгөн. Тагыраак айтканда, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына (бала бакчаларга) 182 миллион 682 миң сом, мектептерге (1-4-класстар үчүн) 47 миллион 459 миң сом бөлүнгөн.