Бишкекте коомдук транспортто чөнтөк уурулук менен алектенген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБине Т.Н. аттуу жаран 11-сентябрда "Кудайберген" базарынын аймагында маршруттук таксиде бара жатып, 43 миң сом акча салынган капчыгын уурдап, андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен адамдарга карата чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүү катары изи сууй электе 1995-жылы туулган М.А., мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон 1994-жылы туулган Б.Т. жана 2009-жылы туулган А.Б. аттуу жарандар кармалган.
"М.А. жана Б.Т. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, жашы жете элек 2009-жылы туулган А.Б. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине өткөрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, милиция кызматкерлери шектүүлөр иштеп чыккан иш планын түзүшкөндүгүн далилдешкен. Тактап айтканда, "Lexus IS 200" үлгүсүндөгү унаа менен шектүүлөр маршруттук таксилердин аркасынан аңдып, андан соң жүргүнчүлөр кейпин кийип, салондун ичинен мыйзамсыз аракеттерди жасашкан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Лексус IS200” үлгүсүндөгү унаанын салонунан 18 даана уюлдук телефон, 19 миң 400 сом накталай акча, 3 даана бычак, 3 даана ID-паспорт, банк карталары, соода базарларынан карталар, сим-карталар, кичи флеш-карталар, спрей банкалар жана пневматикалык тапанчадан шарик сымал октор табылып, алынган.
Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды, тергөө иштери уланууда.
"Жогорудагы жарандардын кылмыштуу иш- аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0(706) 102-102 жана 0(707) 75-75-51 же 102 телефондору аркылуу байланышса болот", - деп айтылат билдирүүдө.