Бишкекте канализациялык коллекторду салуу боюнча бир катар иштер жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, “Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кызматкерлери Дзержинский көчөсүнө канализациялык коллектор коюу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатышат. Бул долбоор агынды сууларды эффективдүү жана ишенимдүү алыстатууну камсыз кылуу менен аталган райондо канализация системасын жакшыртуу жана модернизациялоо үчүн иштелип чыккан.

Ага ылайык, эски түтүктөрдү жана инфраструктураны заманбап жана бышык материалдарга алмаштыруу, системалардын кызматынын мөөнөтүн узартуу жана аварияларды азайтууга мүмкүндүк берет. Жергиликтүү калк үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды азайтуу жана куруу аянтында коопсуздукту камсыз кылууга “Бишкек суу канал” ӨЭБнын кызматкерлери аракеттерди кошушат.

"Бул иштер Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга жана анын жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы айлана-чөйрөнүн саламаттыгына жана шаар тургундарынын жыргалчылыгына салым кошуп, ишенимдүү жана эффективдүү канализация системасын камсыз кылууга умтулат", - деп айтылат маалыматта.