Бишкекте 16-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын 2023-жылкы Кубогунун финалдык беттеши өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалымдалгандай, Кубок үчүн чечүүчү оюнда өлкөнүн учурдагы чемпиону - "Абдыш-Ата" (Кант шаары) жана Премьер-лиганын дебютанты "Мурас Юнайтед" футболдук клубдары кез келишет. Оюн саат 20:00дө башталат.
Маалыматта Кыргызстандын кубогу 32-жолу ойнотулат. Премьер-Лигага бул жылы гана кошулган "Мурас Юнайтед" менен кубоктун учурдагы жана бешинчи жолку ээси "Абдыш-Ата" олжо үчүн талашка түшүп, оюндун көрүүчүлөрүн эң кызыктуу финал күтүлөрү айтылды.
Белгилей кетсек, беттештин түз берүүсү "Кыргыз Спорт ТВ" каналынын Ютуб платформасында жана Мегалайн, Акнет, Неотелеком кабелдик түйүндөрүндө жеткиликтүү болот.