"Кошунасы болчу". Орусияда 5 жашар кызды өлтүргөн адам өмүр бою эркинен ажыратылды

Орусияда Кассациялык сот тажикстандык 5 жашар Хувайдо Тиллозоданы зордуктоого жана өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган Александр Семинди өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу кыздын атасы Абдусалом Саидов билдиргенин тажик басылмалары жазып чыгышты.

Буга чейин кылмышкерге 24 жыл эркинен ажыратуу чечими чыккан. Бирок Саидовдордун үй-бүлөсү анын өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылган.

Хувайдо Тиллозода 2018-жылы 22-июлда каза тапкан. 5 жаштагы кызды Серпуховдогу үйүнүн алдында ойноп жаткан жеринен уурдап кеткен. Кыздын үй-бүлөсү менен ыктыярчылар Хувайдону бир күн бою издешкен. Эртеси күнү кыздын жансыз денесин темир жол станциясынын жанынан табышкан. Экпертиза анын зордукталып, андан соң өлтүрүлгөнүн аныктаган.

Кылмышка шектүү катары тажикстандык үй-бүлө менен кошуна жашаган Александр Семин кармалган. Окуяга чейин Семиндин жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөнү боюнча да арыз түшкөн. Бирок тиешелүү органдар ага карата тергөө жүргүзбөгөнү аныкталган.

Хувайдо Тиллозодага байланыштуу соттук процесс Александр Семиндин психикалык ооруканада болгонуна байланыштуу 5 жылга созулду. Хувайдонун жакындары Семиндин психикалык жактан жабыркап жатканын жүйө кылып жоопкерчиликтен качууга аракет кылганын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан