УКМК Сузак районунун 6 тургунун кармады (видео)

Бүгүн, 14-сентябрда УКМК 2010-жылдын июнь айында массалык баш аламандыктарды уюштурган жана Жалал-Абад шаарынын тургунун өлтүргөн деген шек менен Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда УКМК тарабынан Сузак районунун аймагынан кыргыз жарандары, аталган райондун тургундары 1980-жылы туулган К.Х.М., 1972-жылы туулган А.А.А., 1961-жылы туулган К.П.Т., 1965-жылы туулган А.А.А., 1958-жылы туулган М.А.И. жана 1971-жылы туулган К.Ш.Т. кармалды.

"Кармалган жарандар сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык баш аламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган.

Ошондой эле кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарынын 1962-жылы туулган тургуну Т.З.К. аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен, аталган посттордун биринде өлтүрүүгө катышканы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Кайрадан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Атайын кызмат 2010-жылдагы июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантылып жатканын кошумчалады.

видео14/07/2023
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан