"Манас" аэропорту биринчи жолу өз каражатына эки учак сатып алды

"Манас" эл аралык аэропорту биринчи жолу өз каражатына эки учак сатып алганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компания менен келишимге кол коюлган. Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар Кыргызстанга 2024-жылдын май айында жеткирилет.

"Бул учактарды алуу жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн негизги кадамы болуп, ички каттам түйүндөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн ичинде калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет. Учактарды алуу менен компания социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү көздөйт. Алардын ичинен ички каттамдардагы авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүнө жана баасына байланыштуу маселелерге артыкчылык берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан