
Республика аймагында бир күндө 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 15-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылды.
- Бишкек шаарында – 1;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 5;
- Жалал-Абад облусунда – 2;
- Ысык-Көл облусунда – 3;
- Нарын облусунда – 2.
Ага ылайык, куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.