Орусияда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары мушташканы айтылууда (видео)

Орусияда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары мушташкан. Бул тууралуу кечээ, 14-сентябрда Mash Telegram каналы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Красногорск аймагындагы курулуш жүрүп жаткан имараттын унаа токтотуучу жайында 22 адам мушташкан. Алардын баары коңшу шаарларда иштей турганы айтылган.

Mash Telegram каналынын билдирүүсүнө караганда, анда 13 Өзбекстандын жараны, 5 кыргызстандык жана 4 Тажикстандын жарандары болгон. Көп өтпөй полиция кызматкерлери келип, чогулган адамдарды таркаткан.

Ал эми окуяга байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылганыбызда, элчилик бул маселе боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатканын билдиришти.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан