Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрда Свердлов РИИБине Н.О. аттуу калаа тургуну “А” аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Ал август айында Чүй проспектисинде жайгашкан соода борборлорунун биринен, "Кайра сатып акчасын берем" деп 11 даана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун алып, алдап кеткенин айткан. Жалпы суммасы 964 миң 116 сомдук материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2004-жылы туулган О.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмышка шектүү мурда алган уюлдук телефондорду борбордогу ар кандай күрөөканаларга сатканы аныкталган.
"Шектүүнүн ушул сыяктуу башка да кылмыштарды жасоого катыштыгы бар болушу мүмкүн. Анын кылмыштуу иш-аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0(559)102-855 же 102 телефон номурлары аркылуу кайрылыңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.