Эртең, 16-сентябрда Бишкек шаарында ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан маалымдашты.
"Күзгү жалпы шаардык ишембилик өтүп, көчөлөр, короолор, сейил бактар, аянттар тазаланат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, ишембиликте ирригациялык тармактарды, ошондой эле сейил бактарды жана гүл бакчаларды тазалоого өзгөчө көңүл бурулат.
Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү жерлери райондук администрациялар тарабынан аныкталары айтылды.