"Баласы аман-эсен". Караколдогу төрөт үйүндө 23 жаштагы келин көз жумду

Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 23 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо координатору Жаңыл Акунова билдирди.

Маалымдалгандай, келин төрөт үйүнө 9-сентябрда оор абалда келген. Ал Ак-Суу районундагы Токтогул айылынын тургуну болгон.

"Келин аба жетпей кыйналгандыктан аны Түпкө төркүнүнө жиберишкен экен. Ал жакта 3 күн болуп, 9-сентябрдын түнүндө оор абалда ооруканага алып келишкен. Келин шишип, дем алуусу да аябай начарлап кеткен. Анын 36 жумалык боюнда болгон. Ага кесерово жасалып, аппаратка жаткырылган. Өтө өтүшүп кеткенден кийин келгенине байланыштуу дарыгерлердин ошончо аракетине карабай, келин бир күндөн кийин каза болуп калды. Ал эми баласы аман-эсен. Бирок анын абалы да жакшы эмес болчу. Азыр төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Келиндин туугандары абалынын начардыгына карабай, дарыгерлерге кайрылышкан эмес", - деди Акунова.

Анын жакындары укук коргоо органдарына арыз жазуудан жана денесин экспертизага жиберүүдөн баш тартышкан.

Эскерте кетсек, ушул эле жылдын август айында аталган төрөт үйүндө жаңы көз жарган келинди дарыгерлердин карабай койгону боюнча маалыматтар айтылган. Ага чейин январь айында эки аптада алты ымыркай инфекциядан чарчап калганы айтылган. Буга эң жөнөкөй санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп экени расмий аныкталып, алты жетекчи иштен алынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан