19-сентябрда Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт

19-сентябрда саат 9.00дөн 22:00гө Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү - темир жол, ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полицейский городок конуштарында убактылуу суу жок болот.

Ичүүчү суу «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан