Ушул аптада Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен реваншка чыгат

17-сентябрда кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен реваншка чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, беттеш Лас-Вегаста өтөт.

Жеңил салмак категориясында беттешке чыккан мушкерлер акыркы жолу ушул жылдын март айында күч сынашкан. Анда Грассо Шевченкону муунтуу ыкмасы менен жеңип алган. Бул кыргызстандык мушкердин 2017-жылдан бери биринчи жеңилүүсү болгон. Көп өтпөй Шевченко реванш өткөрүүнү талап кылган.
Кыргызстандык мушкер тай бокс, кикбоксинг жана аралаш мушташ боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону болуп саналат. Ал ММА спортундагы карьерасында 23 жолу жеңишке жетишип, 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми мексикалык Грассонун эсебинде 16 жеңиш жана 3 жеңилүүсү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан