13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын мыктыларын аныктаган концертинин 1-күнү аяктады. Эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерт сулуулар сынагы менен коштолду. Жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчү Орункүл Шабралиева экзотикалык өлкөгө жолдомо алды.
Эске салсак, "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы концерти 2006-жылы "Жылдын жылдыздары" деген аталышта коюлган.